Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин бүтүрүүчү курсунун курсанттары менен ички иштер органдарынын аймактардагы башкармалыктарынын начальниктеринин жолугушуусу болуп өттү. Аталган иш-чарада ИИБнын жетекчилери ички иштер органдарындагы кадр саясаты, ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрүн жумушка орнотуу процесси, ИИМдин кадрларга карата коюлган талаптары жана материалдык камсыздоолору боюнча кенен маалымат беришти. Андан тышкары бүтүрүүчүлөрдүн ИИОнун аймактардагы башкармалыктарындагы мамлекеттик практикасын өтүү шарттары да талкууланды.  Жолугушуунун соңунда курсанттар кызыктырган суроолорун беришип, жооп да ала алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *