2024-жылдын 22-февралында Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата митинг-реквием болуп өттү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/02/425369621_18020765360042063_3806298182684181561_n-1024x1024.jpg)
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, ардагерлер жана Бишкек шаарынын горнизондук аскердик бөлүктөрү катышышты.
Майрамдык иш-чарада министр мекен сакчыларын куттуктап, өлкөбүздүн тынчтыгына өз салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге сыйлык тапшырды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/02/424921880_18020765378042063_2664430805757517694_n-1024x1024.jpg)
Окуудагы ийгиликтери, коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы, спорттогу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанты Бекжан Муканбетов Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин II даражадагы «Аскердик каармандык» төш белгиси менен сыйланды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/02/424931725_18020765399042063_3448045378265868291_n-1024x1024.jpg)
Митинг-реквием аскердик бөлүктөрдүн салтанаттуу жүрүшу менен аяктады.