2024-жылдын 22-февралында Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында  23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, ардагерлер жана Бишкек шаарынын горнизондук аскердик бөлүктөрү катышышты.

Майрамдык иш-чарада министр мекен сакчыларын  куттуктап, өлкөбүздүн тынчтыгына өз салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге сыйлык тапшырды.

Окуудагы ийгиликтери, коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы, спорттогу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанты Бекжан Муканбетов Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин II даражадагы «Аскердик каармандык» төш белгиси менен сыйланды.

Митинг-реквием аскердик бөлүктөрдүн салтанаттуу жүрүшу менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *