Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын 3-курсунун курсанты Бекжан Муканбетов Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин II даражадагы «Аскердик каармандык» төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында,  23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөн митинг-реквиемде тапшырды.

Курсант Бекжан Муканбетов ИИМдин Академиясында тапшырган күндөн тартып “эң жакшы”, “жакшы” деген бааларга окуп, өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышып келет. Ошондой эле спорттун кармашып урушуу боюнча чеберчилигине талапкер, 2023 Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча  чемпиону. ИИМдин Академиясынын 2023-жылдын мыкты спортсмени.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *