2024-жылдын 12-февралында башталган Бишкек шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары арасында өтүп жаткан Спартакиадада ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы ийгиликтерге жетишип жатат.

21-февралында Ордо улуттук оюну боюнча мелдеште Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын окутуучуларынын командасы, Кыргыз улуттук университетин, Аскер институтун жана финалда Кыргыз улуттук агрардык университетин артка калтырып, жеңишке жетишти.

Жеңишке жетүү менен бирге  ордочу окутуучулар Ысык-Көлдө өтө турчу Спартакиада-2024 катышууга жолдомо алды.

Эми жайында республиканын бардык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары арасында күч сынашышат.

Сиздерди куттуктап, жана ийгиликтерди каалайбыз!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *