Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын квалификациясын жогорулатуу графигине ылайык 2024-жылдын 12-22-февралына чейин Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын ИИББнын, Ош шаарынын, областтык ИИБнын жана өз алдынча кызматтарынын Кадрлар бөлүмдөрүнүн башчылары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу борборунда окуу курсун ийгиликтүү аякташты.

Кызматкерлерге атайын иштелип чыккан жана бекитилген окуу программалары боюнча тематикалык сабактар өтүлдү.

Андан сырткары Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын, Аскердик дарыгердик комиссиянын жана Финансы чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын пенсия чектөө бөлүмүнүн өкүлдөрү чакырылып, кадр кызматындагы ишти жогорку кесипкөйлүүлүк менен аткарууда керектүү болгон маалыматтарды жана кеп-кеңештерин беришти.

Окуу курсунун угуучуларына алган билимин бекемдөө үчүн  компьютердик тестирлөө түрүндөгү сынак өткөрүлүп, ийгиликтүү тапшыргандар тастыктамаларга ээ болушту. 

Жыйынтыктар чыгарылып, окуу курсун аяктаган бөлүм башчыларына ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Алишер Барпиев келип, кызматкерлер менен жолугушуу өткөрүп, тастыктама тапшырууга катышты. 

Ал эми сынактан өткөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова бекем ден соолук, кызматкерлердин күжүрмөн, кесиптик жана дене тарбиялык даярдыктарын жогорулатууну аткаруудагы иштерине ийгиликтерди каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *