2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайда эмгектенген айымдар кесиптеш мырзаларды куттукташты.

Майрамдык иш-чара Академиянын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизованын куттуктоосу менен башталды. “Урматтуу мекенди коргоочулар, биздин сүйүктүү кесиптештер! Сиздерди эрдиктин, айкөлдүктүн майрамы болгон – Ата мекенди коргоочулар күнү менен Академиянын айымдарынын жана өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктайм. Ички иштер министрлигинин Академиясынын эркектер жамааты ар убак өз милдеттерин айкөлдүк менен аткарып, абийирдүүлүктүн, намыскөйлүүлүктүн  үлгүсүн көрсөтүп келишет. Өлкөбүздү көздүн карегиндей сактоодо берген антыңарга бекем туруп, жигиттик милдетиңерди мындан ары да жогорку жоопкерчилик менен аткара бериңиздер. Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо, келечек муунду мекенге кызмат кылууга тарбиялоодогу асыл ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм” – деди башчынын орун басары, өз куттуктоосунда.

Андан соң, Нурия Маматазизова кызматтагы жетишкендиктери үчүн Ички иштер министрлигинин жана ИИМдин Академиясынын сыйлыктарын, кезектеги наамдарын өз ээлерине тапшырды.

Мырзаларга майрамдык маанай тартуулоо үчүн Академиянын айымдар жамааты көңүлдүү концерттик программа тартуулашты. Анда эстрада ырчылары, бий ансамблдери өнөрлөрүн тартуулашып, алдын ала дайындалган видео тасмалар көрсөтүлүп, кызыктуу оюндар өткөрүлүп, белектер тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *