21-февралда Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата ИИМдин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-2-3-курстары арасында саптык ыкмалар сынагы уюштурулуп, өткөрүлдү.

Сынакта курсанттар,

Ордунда саптык ыкмаларды көрсөтүүнүн элементтерин бирдиктүү жана толкун түрүндө көрсөтүү;

Саптык жүрүүдө саптык ыкмаларды көрсөтүүнүн элементтери (куралсыз);

Салтанаттуу жүрүш менен өтүү;

Саптык ыр менен басып өтүү;

Макаров тапанчасын толук эмес ажыратуу жана чогултуу;

Калашников автоматын толук эмес ажыратуу жана чогултуу боюнча жарышты.

Сынакта мыкты даярдык көрсөткөн 2-курстун курсанттары жеңишке жетти!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *