Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Квалификациясын жогорулатуу борборунун алгач атайын даярдык курсунун жана жол кайгуул кызматынын угуучуларына «Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана Кыргызстандагы диний кырдаал» темасында конок лекциясы уюштурулду. Аталган иш-чара дүйнөлүк масштабда ислам дининин тез жана динамикалуу жайылуусу коомдо жаңы тенденцияларды пайда кылып, ага болгон кызыгууну андан ары тереңдетип жатканы жана ошондой эле, дүйнө жүзүндө ислам динине жамынган диний терроризмдин күч алышы, экстремисттик уюмдардын көбөйүшү, ошондой эле ага жаштардын активдүү тартылып, региондо коопсуздук маселесин жаратып жаткандыгына байланыштуу, азыркы Кыргызстандагы диний кырдаалга мүнөздөмө берүү, диний экстремизм менен терроризмдин пайда болуу себептерин аныктоо жана алардын алдын алуу максатында уюштурулган. Лектор катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу опер кызматкери милициянын полковниги М. Аманбаев чакырылган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *