2021-жылдын 14-декабрында өлкөдөгү жогорку окуу жайларда окуган 80 студентке  окуудагы мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн Президенттик стипендиялар тапшырылды. Алардын катарында ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын курсанттары да болду.

КЫМБАТ НУРЖАНОВА, 4-курстун курсанты:

«КЕЛЕЧЕКТЕ  АЙЫМДАРДАН ЧЫККАН БИРИНЧИ МИНИСТР БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Менин милиция кесибин тандап алуума ошол кезде ИИМдин Академиясында окуган эжем себеп болду десем болот. Эжемди көрүп суктанып, сыймыктанып, мен да келечекте милиционер болом деген аруу кыялды бөпөлөп өстөм.Айрымдар бул окуу жайга формага кызыгып эле келип алышса, мен кайда, эмне үчүн баратканымды толук аңдап, билип келгенмин. Башка нерсени элестетип келген айрым жаштар биздин окуу жайда 1-курста окуп жатканда моралдык, физикалык жактан абдан кыйынчылыктарга туш келишет, бирок мен баарына даяр болуп келгем.

Үйдүн улуусумун, эки сиңдим бар. Атамдан эрте ажырап калгандыктан, өзүмдү үй-бүлөм үчүн жоопкерчиликтүү сезип, аларды коргойм деген максатта бул кесипти тандап алганым да бекер жеринен эместир. Буйруса, максатыма бир кадам таштап, ийгиликтер менен келе жатам деп ойлойм.

Менин Академияга тапшырам дегенимди уккан апам: «Эмне  жардам керек, кызым?» деп сурап калды. Мен апама жөн гана Кудайдан тиленип олтуруп туруңуз дедим да, өзүм борбор калаага аттандым. Мурда-кийин Бишкекке келбесем да, окуу жайды таап, сынактардан ийгиликтүү өтүп кеттим. Чынын айтсам, президенттик стипендия бар экенин укпаптырмын. 1-курста эле жалаң «5» деген бааларды алып баштаганда, мени окуткан агай-эжейлерим ушул деңгээлден жазбай окусам президенттик стипендияга жетеримди айтышты. Ошол күндөн баштап жан дилим менен аракеттене баштадым.Окуу жайда өткөн илимий конференцияларга катыша албасам да, спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерим бар. Спорттун таяк тартыш түрү менен 2017-жылдан бери машыгып келем, учурда эл аралык класстагы спорт чеберимин. 2018-жылы 1-курста окуп жүргөн кезимде Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнуна катышып, 2-орунга ээ болгом. Ошол эле жылы Дүйнөлүк чемпионатка катышып, байгелүү орунду багындырдым. Аны менен бирге Кыргызстанда өткөн көптөгөн турнирлердин катышуучусумун. Жакында эле Өзбекстанга Дүйнө кубогуна барып, 3-орунду алдым. Өткөн жылы декабрь айында Финляндияда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду камсыз кылып, чемпион аталдым.

Президенттик сыйлыкка ээ болгонумду укканда Ысык-Көлдө машыгууда жүргөм. Ушунчалык толкунданып, кубанычымды биринчи болуп машыктыруучум менен бөлүштүм. Агай, дагы машыгайынчы, энергиямды бир жакка жумшаш керек болуп жатат дедим. Машыктыруучумдун сүйүнгөнүнө чек жок болду. Чоң апам, апам  болсо жакшы кабарды угуп көздөронө жаш алышты. Президенттин колунан сыйлык алып жатканда да толкундоо сезимдери күч болду. Ар бирибизди куттуктаган Президент Садыр Жапаров бизге ыраазычылыгын билдирип, жылуу каалоо-тилектерин айтты. Бул сыйлык мага жакшы стимул болуп, алдыга үндөп, дем-күч берди. Келечекте  айымдардан чыккан биринчи министр  болгум келет.

АЙДАРБЕК ИЛИЯСОВ, 4-курстун курсанты:

«МУЗЫКАГА ЖАКЫН БОЛСОМ ДА, МИЛИЦИЯНЫ ТАНДАДЫМ»

Мен кичинекей кезимде Чолпон-Ата шаарында иштеген милиционер таякелерим үйгө дайыма келип турушчу. Ошондо таякелеримдин кийген формаларына кызыгуум артып, фуражкаларын кийип көрүп, сүрөткө түшкөндү жактырчумун. Ошондогу алган таасирлер да бул кесипти тандап алуума өбөлгө түзгөндүр деп ойлойм. Жогорку класстарда окуп жүргөндө кесип тандоо боюнча чындап ойлоно баштадым. Талдап көрсөм башка окуу жайларды бүтүргөн жаштар иш издеп чет жактарга кетип калышат экен, биздин окуу жайдын жакшы жери- өз бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кыларын билдим. Бул нерсе да мага жакшы ой калтырды.

Орто мектепти бүтүргөн соң, ИИМдин Академиясына документтеримди тапшырдым. Сынактар татаал болду, түрдүү окуялар менен коштолду. Ошентип, сынактарды ийгиликтүү тапшырып, окууга өттүм. 1-курста окуп жүргөндө  кыйынчылыктарды баштан кечирдик, күнүгө саат алтыда турмай, аскердик даярдык, темирдей катуу тартип, күнү-түнү окуу. Ага кошумча, айылдагы ата-энебизди сагынабыз. Казармадан чыгып, окуу жайга чейин бир километрдей жол басчубуз. Ошол убакытта дайыма үйдө жүргөн кезимди, апамдын ысык нанын эстечүмүн. Бош боло калсам эле үйдөгүлөргө телефон чалган адатым бар болчу. Ал күндөр да өттү, учурда баары жакшы.

Президенттик стипендия тууралуу окуу жайдын Инстаграм баракчасы аркылуу окуп, таасирленгеним эсимде. Жалаң «5» деген баага окуу үчүн, албетте, тынымсыз аракет, талбаган эмгек керек экен. Окуудан сырткары, кошумча сабактарга катышып жүрдүм. Бул сыйлыкка жетүү үчүн бир гана мыкты окубастан, коомдук иштерге да активдүү катышуу зарыл.Ушул жерде айта кетчү нерсе, мен өзүм музыкага жакынмын, атайын музыкалык билимим бар. Андыктан, биздин окуу жайдагы бардык коомдук, маданий иш-чараларга үзбөй катышып келем. Комузда, гитарада ж.б. инструменттерде ойнойм, ырдайм. Дүйнөлүк көчмєндєр оюнунда комуз черткен 1000 комузчунун биримин.

Ошентип, аракетимден натыйжа чыгып, президенттик стипендияга ээ болгон бактылуу күнгө да жеттим. Президенттин колунан сыйлык алып жатканда абдан сүрдөдөм, толкундандым. Аны менен бирге мага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, алдыга карай дагы да болсо умтулуу керек экенин сездим. Ага кошумча, Билим берүү министринин бизге айткан акыл-насааттары жүрөгүмдө сакталып калды. Башка окуу жайларда окуган студенттер менен тааныштык, достоштук. Шаңдуу маанай коштогон бул иш-чара баарыбыздын эсибизде сакталып калды деп ишенем.

Ы.Сагымбаева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *