15-февраль афган согушунда курман болгондорду эскерүү менен ардагерлерге сый-урмат көрсөтүү ИИМдин Академиясында салт болуп калган. Салтты улай, бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов ИИМдин Академиясынын Ыкчам иликтөө кафедрасынын начальниги милициянын полковниги, афган согушунун ардагери Д. Абдрасаковду майрамы менен куттуктап, Ички иштер министринин атынан чакан белектерди тапшырды. Ардагерге ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалап, жаш муунга тарбия-таалим берүүдө зор салымын кошуп келе жатканын баса белгиледи. Ал гана эмес ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери кураторлору менен биргеликте 15-февраль советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына карата арналган майрамдык иш-чараларга да күбө болушту. Мындай маанилүү күндү белгилөө, афган согушунун ардагерлеринин эрдигин даңазалоо жаш муундун атуулдук сезимин ойготууга түрткү болооруна ишенебиз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *