Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу максатында Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттерине жана курсанттарга Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Самидин Атабаев тарабынан лекция окулуп, анда, диндеги ысырапкорчулук, байлыкты маанисиз чачуу, ашыкча чыгым жөнүндө түшүнүктөргө токтолуп, Ыймандын бардык насааттарында жана нормаларында ашыкча сараңдык да, ашыкча ысырапкорчулук да айыпталаары жөнүндө маалымат берилди.


Ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөгө, маркумду акыркы сапарга узатууда жана салтанаттуу тойлорду атандашуу менен ашыкча чыгымга дуушар болуудан алыс болууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы элибиздин жашоо шартын жакшыртууга болгон чаралар экендигин айтып, ошондуктан Жарлыктын талаптарын аткарууга чакырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *