11-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттарына, студенттерине жана Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттерине ИИМдин ИИКнын кызматкери милициянын полковниги А.Моңолбаев «ИИОнун кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-туруму» деген темада конок лекциясын өткөрдү.

            Лекциянын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын курсанттары жана студенттери тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча профилактикалык баарлашуу өткөрүлдү. Иш-чара ИИМдин Академиясынын социалдык-тарбия иштерин уюштуруу бөлүмү тарабынан коррупцияга каршы мүнөздөгү профилактикалык иш-чараларды ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *