Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2022-жылдын 11 -ноябрында эл аралык илим күнүнө карата И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илимий техникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомго жарыялай турган көргөзмө уюштурулган. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Академиясы да катышты. Көргөзмөгө окуу жайдын професскордук-окутуучулук курамынын илимий эмгектери, окуу куралдары, окуу-методикалык куралдары, чакан курстары, жана башка илимий иштери коюлуп, Академиянын ишмердүүлүгү тууралуу видороликтер көрсөтүлдү.    

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *