Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий–адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери окуу жайдын Э.Алиев атындагы музейи менен таанышып чыгышты. Студенттерге окуу жайдын тарыхы, милициянын биринчи генерал-майору Э.Алиевдин өрнөктүү өмүр жолу, кыргыз милициясына кошкон салымы, Академиянын атактуу бүтүрүүчүлөрү жана каада-салты, окутуучулар курамы тууралуу маалымат берилди.         

Андан соң, студенттерге милициянын жана ички кызматтын атайын наамы бар ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын форма кийимдеринин предметтеринин тагуу тартиби, бут кийими жана жабдыктары тууралуу маалымат берилип, практикалык сапка даярдык сабагы да өткөрүлдү. 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *