Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана кураторлук иштердин алкагында, 7-8 -ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата ИИМдин Академиясынын 1-курсунун студенттери кураторлору жана факультеттин кызматкерлери менен бирге “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келишти.

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана ага арналып тургузулган эстеликтер, ошондой эле саясый репрессиялардын курмандыктары жөнүндө маалымат алышып аларга арналган эстелик-мемориалы менен таанышып, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине куран окуп кайтышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *