2022-жылдын 15-ноябрында Коомдук-саясий сабактар жана психология менен Мамлекеттик укуктук сабактар кафедралары тарабынан Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 4-курсунун курсанттары үчүн «Кесиптик этика» предмети боюнча конок лекциясы уюштурулду. Лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун адиси Абдымомун кызы Салима, ошондой эле волонтерлор «Милиция кызматкерлеринин кесиптик этикасындагы жана ишмердүүлүгүндөгү эл аралык гуманитардык укуктун  заманбап тенденциялары» деген темада өткөрүштү. Эл аралык чыр-чатактар ​​жана укук коргоо органынын кызматкеринин ролу, гуманитардык процесстердин учурдагы тенденциялары жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *