Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында окуу жайдын 1-курсунун курсанттары ИИМдин Академиясынын ардагери,  милициянын отставкадагы полковниги, философия илимдеринин доктору, КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Марат Алымкулов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ардагер “Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты” темасында лекция окуп, курсанттардын суроолоруна жооп берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *