2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында “Кылмыш – жаза сот өндүрүшүнүн актуалдуу маселелери; теория жана практика” деген темада оффлайн жана онлайн режиминде тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын  Жазык процесс кафедрасы тарабынан уюштурулган.            Тегерек столго КР ИИМдин  секретариатынын начальниги, ю.и.д., профессор А. Коомбаев, Эл аралык бейтарап  соттун арбитри С. Өмүралиев, ю.и.к., профессор А. Кулбаев, ИИМдин тергөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги С. Макилов,  Кыргызстандагы Эл аралык университеттин жогорку мектебинин деканы, ю.и.к., доцент А. Ахматов,  БУУнун Эл аралык сотунун алдындагы “Тез жооп берүү сот адилеттиги” Эл аралык тергөөчүлөр коомунун эксперти Н. Абдылдаев, ИИОнун жетекчилери, адьюнктар, ИИМдин Академиясынын жана Республикалык окуу борборунун окутуучулары катышты.

Бул илимий иш-чаранын алкагында кылмыш-жаза процессуалдык  укуктун актуалдуу маселелери, атап айтканда, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүүнүн эң маанилүү аспектилери, ошондой эле кылмыш-жаза процессинин укуктук механизмдери талкууланды. Талкуунун алкагында кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар боюнча пикир алмашуу болуп, жыйынтыгы тууралуу тиешелүү сунуштар иштелип чыкты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *