2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Ыкчам иликтөө ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан «Финансылык кылмыштарды (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу) ачууда жана тергөөдө маалыматтык технологияларды колдонуунун көйгөйлүү аспектилери» деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

            Тандалган теманын актуалдуулугу бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономиканын глобалдашуу жана интернационалдашуу процесстери активдүү өсүп жаткандыгы менен шартталган.  Мындай нерселер мамлекеттердин экономикасына, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулукка чоң зыян келтирип, бул сөзсүз түрдө экономикалык кылмыштуулуктун интернационалдашуусуна жана кылмыштуулуктан түшкөн кирешелерди мыйзамдаштыруунун (адалдоонун) механизмдерин жайылтууга алып келет.

            Тегерек столдун максаты мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу болуп саналат.

            Тегерек столго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин жана окуу жайларынын өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, ИИОнун ыкчам иликтөө бөлүмдөрүнүн ардагерлери жана Академиянын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар бул иш-чара тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү заманбап көйгөйлөргө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болгонун белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *