Бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө эшик ачып, тосуп алды.

Иш-чара 2024-2025-окуу жылына талапкерлерди кабыл алуу максатында ИИМдин Академиясында ачык эшиктер күнүн өткөрүү өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.

Окуучуларды класс жетекчиси Бегимай Кыдыршакова, тарбиячы Нинахан Орозбаева коштоп келди.

Бүтүрүүчү класстын окуучулары Академиянын Э. Алиев атындагы музейи менен таанышып, окуу жайдын тарыхы, тартиби, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле курсанттардын күнүмдүк турмушунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алышты.

Ошондой эле ИИМдин Академиясынын ок атуучу жайында аларга куралдардын түрлөрү, спорттук машыгуу залдары, окуу класстар, саптык аянтты көрсөтүү уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *