2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык укугу кафедрасы, кылмыш жаза укугу предмети боюнча “Пробациялык көзөмөл” темасында Күндүзгү билим берүү факультеттеринин студенттерине жана курсанттарына Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинде тааныштыруу сабагын уюштурду.

Лекциянын жүрүшүндө курсанттар жана студенттер Пробация департаментинин түптөлүшү, ишмердүүлүгү, мыйзамдык түзүмдөрү жана пробациянын түрлөрү менен таанышышты.

Ошондой эле Департаментти санариптештирүүнүн алкагында «электрондук көзөмөл» программасын жана «Пробация» АМТ мобилдик тиркемесин колдонуу шарттары боюнча кеңири биле алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *