1-2-апрелде Жаштык дирекциясында өткөн жогорку окуу жайлардын студенттери арасында самбо боюнча Чемпионат болуп өттү.

Ага республиканын 15тен ашык жогорку окуу жайларынан 100дөн ашык спортчулары күч сынашышты.

Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары жана студенттери катышышты.

98 кг. жогору салмактагы спортчулар арасында Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанты Эмирлан Момунов 3-орунду,

98 кг. чейин салмактагы спортчулар арасында салмактагы категорияда Акы төлөө негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсунун студенти Ярослав Малышев 3-орунду ээледи.

Курсанттарды жана студенттерди аталган мелдешке Дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучусу милициянын подполковниги Нурлан Махмудов машыктырган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын аброюн көтөрүп, байгелүү орунга ээ болуп келген билим алуучуларды жана машыктыруучусун куттуктап, алдыдагы ийгиликтерди каалайбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *