2024-жылы 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасы Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанттарына берип жаткан теориялык билимди тереңден үйрөтүү максатында практикалык сабактарды уюштурду.

Кафедранын доценти милициянын полковниги Назгүл Шаршенова “Сотко чейинки өндүрүш” сабагынын алкагында курсанттарды Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөө кызматына алып барды. Курсанттарга бөлүмдүн башчысы милициянын майору Арлен Бекбоо уулу “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” кылмыштардын маалымат базасы жана “Атайын тергөө амалдары” тууралуу кенен айтып берди.

Ал эми кафедранын улук окутуучусу милициянын подполковниги Чолпон Назаркулова курсанттар менен Бишкек шаарынын ИИББне барып, башкармалыктын Тергөө кызматына караштуу жол-транспорт кырсыктарын тергөө бөлүмүндө практикалык сабак уюштурду. Сабакты бөлүмдүн башчысы милициянын майору Рустам Ногойбаев өткөрүп, жол кырсыгы катталган жерди кароодо жүргүзүлүүчү иш-аракеттер боюнча кенен айтып берди.

Ушул эле кафедранын окутуучусу милициянын подполковниги Айжан Кермакун кызы курсанттар менен ИИМдин Тергөө кызматына барып “Автоматташтырылган маалыматтык издөө тутуму «Таза тергөө» темасында практикалык сабак өткөрүп келди. Келечектеги милиция кызматкерлерине кызматтын бөлүм башчысы милициянын полковниги Азамат Дуйшеналиев, «Таза тергөө» программасы боюнча маалыматтарды жана пайдалануу кеңештерди берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *