Кыргыз Республикасынын Президентинин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Жарлыгына ылайык ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультети окуу-экзамендик сессияга келген студенттерине Исхак Раззаковдун үй-музейине алып барууну уюштуруп, өткөрдү.

Иш-чара билим алып жаткан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине билим берүү менен чектелип калбастан алардын маданий, руханий байлыгын кеңейтүү, мекенчилдик сезимин бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Эске салсак, ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинде өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан келген Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери юрист адистине билим алышат.

Студенттер музейде улуу инсандын өмүр

жолун чагылдырган баалуу маалыматтар, архивдик материалдар, колдонгон буюмдары, эмеректери, ошондой эле Исхак Раззаков мамлекетти башкарып турган учурда ишке ашырылган ири долбоорлорго байланышкан уникалдуу фото-материалдар менен таанышып жана мамлекеттик ишмердин өзү жазган күндөлүгүн да көрө

алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *