Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматына барып келди.

Академиянын окутуучуларын тергөө кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Султан Макилов тосуп алып, өзү жетектеген кызматтын бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Жолугушуунун максаты окуу процессине пайдалуу маалыматтарды топтоо, тажрыйба алмашуу, тергөө кызматындагы жаңы тартиптер менен таанышуу жана мындан ары да тыгыз байланышта иш алып баруу болду.

Тергөө кызматы Академия менен биргеликте окуу жайдын билим алуучуларына ар дайым колдоо көрсөтүп, тажрыйба топтоого салым кошууга даяр экендигин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *