Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясына Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынан келип түшкөн каттын негизинде 2024-жылдын 3-апрелинде аталган кызматтын өздүк курамына сабак өткөрүлдү.

Кызматкерлерди окутуу, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу ошондой эле Министрлер Кабинетинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын мерчемдерин аткаруу максатында уюштурулду.

Сабакты КРнын ИИМдин Академиясынын Жазык укугу кафедрасынын доценти милициянын полковниги Манас Аманбаев “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы жана материалдары” аттуу темада атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен өткөрдү.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө маалымат алмашуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, кызматкерлер тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.

Сабакка БМЖКККнын 50гө жакын кызматкери катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *