2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Ички иштер министринин Биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосуновдун катышуусунда ыкчам кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Алишер Барпиев, Академиянын жетекчилиги жана түзүмдөрдүн башчылары катышты.

Күн тартибинде окуу жайдын үч ай аралыгында аткарган ишмердүүлүн жыйынтыктоо жана Кыргыз милициясынын 100, ИИМдин Академиясынын 55 жылдык мааракесин белгилөө боюнча маселелер каралды.

Кеңешмеде ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова билим берүү сапатын жогорулатуу максатында профессордук окутуучулук курам тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык колдонмолору менен тааныштырып, билим берүүдөгү жана илимий иш-чаралар боюнча баяндама жасады.

Аларды карап чыгып, министрдин биринчи орун басары, бир катар толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары өздүк жана өзгөрүлмө курамдын сапатын жогорулатуу, эффективдүүлүгүн арттыруу тапшырмалары коюлду.

Жыйындын соңунда ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов ИИОго кадрларды даярдоо иштери күчөтүлүп, берилген тапшырмалар өз убагында талаптагыдай аткарыларын белгиледи.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *