Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 55 жылдык мааракесине карата факультеттер арасында “Насилим нарк, асылым-адамгерчилик” аттуу акыл-таймаш уюштурулуп, өткөрүлдү.

Таймашка ИИМдин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттарынын “Ак шумкар”, Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин студенттеринин “Биримдик”, Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттеринин “Көйкашка”, Квалификациясын жогорулатуу борборунун угуучуларынын “Жетиген” тайпалары күч сынашышты.

Ар бир командада 7 ден катышуучу ойноп,

Саламдашуу, топтун аталышын жана эмблемасын жактоо;

“Манас” эпосу, адабият жана тарых, Кыргызстандын атактуу инсандары боюнча суроолорго жооп берүү;

Топ башчыларынын таймашы, блиц-суроолорго тез жооп берүү

тапшырмаларын аткарышты.

ИИМдин Академиясынын курсанттарынын, студенттеринин жана угуучуларынын билимин, интеллектуалдык денгээлин атайын чакырылган коноктор баалашты.

Калыстар тобунун төрагасынын милдетин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек Орозакунов аткарды. Ал эми мүчөлөрү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Света Дүйшеналиева, арт-директор жана шоу продюсер Канатбек Кадыржан калыстык кылышты.

Таймаштын соңунда калыстар тобу Академиянын жалпы билим алуучуларына “эң жакшы” деген бааларын берип, билим алуу менен катар бир нече өнөрдүн ээси экендерин баса белгилешти.

Калыстардын берген баасы менен, 1-орунду Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттеринин “Көйкашка” тайпасы ээледи. Студенттердин ар күнү дыкат даярдык көрүп, жеңишке болгон аракетин башка катышуучулар дагы билдиришти.

Ал эми 2-орунду 3 айлык алгачкы кесиптик даярдыктан өтүп жаткан Квалификациясын жогорулатуу борборунун угуучулары ээлешти.

Үчүнчү орунга Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин студенттери татыктуу болушту.

Байгелүү орундарды ээлеген тайпаларга I, II, III даражадагы дипломдор, белектер ыйгарылды. Ошондой эле активдүү катышып, өгөчөлөнө алган катышуучуларга, топ башчыларына белектер тапшырылды.

Өткөрүлгөн таймаш студенттердин, курсанттардын жана угуучулардын мекенчилдик сезимин курчутуп, тарыхты, адабиятты кайталап окутуп, билбегенин билдирип, унутканын эстетти.

Катар келген Кыргыз милициясынын 100 жылдык жана ИИМдин Академиясынын 55 жылдык мааракелерине карата, бир катар даярдык көрүү иш аракеттери өз мүдөсүнө жетти.

Катышуучулар иш-чара жогорку денгээлде уюштурулганын, таймашка даярдык көрүүдө, өтүп жаткан учурунда да көптөгөн пайдалуу маалыматтарга ээ болгондорун жана кийинки сынактарга мындан дагы жогорку денгеээлде камданабыз деген тилектерин айтышты.

Ал эми факультеттердин жана борбордун башчылары өткөрүлгөн иш-чара боюнча ИИМдин Академиясынын Уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *