Баардык эле милиция кызматкерлеринин бул тармакка аралашуусу бала кездеги кыял-максатына барып такалат эмеспи. Маектешим Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиянын күндүзгү билим берүү факультетинин начальниги, милициянын полковниги Жумашев Шайбек Турсункулович да ошол балалык кыялга жетеленип, Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Алгач эмгек жолун Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына ишке орношуу менен баштап, мезгил агымында ИИМдин Академиясына которулуп келип, иштеп калган. “Дарак бир жерден көгөрөт болуп, ушул жерден агарып-көгөрүп, полковник наамына жеттим, кафедранын начальниги болдум.  Канчалык жогорулаган сайын, ошончолук жоопкерчилик көбөйөт. Мен ошол жоопкерчиликти сезип, тагылган милдетти татыктуу аткарууга аракет кылып келем”-деген Шайбек мырзаны кеп кезегине тарттым.

-Шайбек мырза, сиз жетектеген факультеттин аткарган милдети жана алгылыктуу иштери тууралуу сөз кылуу менен маегибизди баштасак?..

-Күндүзгү билим берүү факультети Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет. Күндүзгү окуу формасы боюнча “бакалавр” академиялык даражасын ыйгаруу менен «Укук коргоо ишмердиги» багыты боюнча жогорку кесиптик билим беребиз, башкача айтканда, бюджеттик жана келишимдик негизде кабыл алынган курсанттар жана студенттер билим алышат. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлгөн окуу пландарынын, жылдык календардык пландын негизинде окутуу процесстери уюштурулат. Бизде тартип, мыйзам, устав деген нерселер катуу сакталат. Курсанттар жана студенттер окуу, коомдук иштер, мындан тышкары коомдук коопсуздукту сактоо иш чаралары менен алек. Сабакка себепсиз келбей калбайт. Ар бир курсант, студент менен жекече иш алып барабыз, себеби, биз тарбиялаган курсанттар, студенттер кийген кийими, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, адамдарга кылган адамгерчиликтүү мамилеси менен айырмаланып турушу керек. Алар келечекте кыргыз милициясынын жүзү болот. Ошондуктан, ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары жана студенттери Академиянын босогосун аттаган күндөн баштап тартип менен гана жүрүшөт. Бир ай «КМБ»дан жаш жоокерлерди даярдоо курсунан өтүшөт. Жыйынтыктап айтканда, факультеттин ишмердүүлүгүнө көңүл бура турган болсом, компетенциянын чегинде курсанттардын жана студенттердин окуу сабактарына катышуусуна, билим берүү жана тарбиялык процесстердин ишине көзөмөл жүргүзүү менен кызматтык жамаатта жагымдуу моралдык-психологиялык абалды түзүү жана колдоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөт.

— ИИМ Академиясынын башка ЖОЖдордон айырмачылыгы жана артыкчылыгы эмнеде?

-Жакшы суроо бердиңиз, албетте, жарандык окуу жайлар менен аскерлештирилген окуу жайлардын ортосунда чоң айырмачылык болот. Анткени, аскерлештирилген окуу жайда аскердик тартип болот да, аскердик тартипте уставга жана субординацияга басым жасалат. Офицердик курамга, жогорку офицердик курамга, жетектөөчү курамдарга бизде өз-өзүнчө аскердик тартип бар.  Уставга ылайык иш жүргүзүлөт. Курсанттар 1-курска киргенде аскердик жатаканада жатып, ант берүү менен аскердик тартипте билим алышат. Алардын жоопкерчилиги жарандык окуу жайдагыларга караганда көбүрөөк. Эң негизги айырмачылыгыбыз аскердик тартипке көбүрөөк басым жасалгандыгында десем болот.

Ал эми артыкчылыгыбызга токтолсом, курсанттар менен катар өздүк курам атайын форма менен камсыздалат, билим берүү процессинде өндүрүштүк мамиле натыйжалуу болуусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, техникалык-материалдык базабыз толукталган. Мындан тышкары, төрт жылдык билим алып чыккан курсанттар лейтенант наамын алып чыгуу менен милдеттүү түрдө иш менен камсыздалат – муну да артыкчылык катары карасак болот. Ошондой эле, курсанттар жана студенттерди окутуу жана тарбиялоо менен гана чектелип калбастан, ички иштер органдарына жаңыдан кабыл алынуучуларды баштапкы даярдыктан, ИИОнун кызматкерлерин квалификациясын жогорулатуудан өткөрүп турабыз.

 -Мезгил агымы күн санап жаңылыктарды, ачылыштарды жаратууда. Бул ыргактан калбоо үчүн сиздер алдыга кандай максаттарды коюп, аны ишке ашыруу жолдорунда кантип изденип жатасыздар?

-Коом ушундай тездикте өнүгүп жатат, техникалык тейлөөлөр биринчи планга чыгып, документтештирүү иштери электрондук форматка өткөрүлүп, иш тутуму толук санариптешип, киберкылмыш, киберчабуул, кибертерроризм өңдүү электрондук тутумдарды дестабилдештирүүгө багытталган кылмыштык аракеттердин жаралышы ишке жаңыча мамиле кылууну табигый түрдө талап кылууда. Мындан тышкары, миграция-эмиграция жогорку чекке жетти, көп улуттуу мамлекетибиздин чегине кирген-чыккан башка улуттун өкүлдөрүнүн саны күн санап өсүүдө, мекенибизге миңдеген туристтер келип кетүүдө. Мындай шартта көп тилдүү, техникаларды колдоно билген, коммуникабелдүү кызматкерлерди даярдоого аракет кылып жатабыз, мезгилдин агымынан калбай, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жаңылап, чыңдоонун аракетиндебиз.

-Кыргыз милициясын сындагандар бар, ал коом менен бирге өмүр сүрүүдө, сиз тарбиялап жаткан келечектеги укук корго органдарынын өкүлдөрү кандай багытта иштеши керек деп ойлойсуз?

-Биздин бардык иш-аракетибизге катардагы жарандарыбыздан тартып бардык мамлекеттик жетекчилер көз кырын салып турат. Андыктан, сын айтылышы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Коомдук пикир – өзүбүзгө баа берүүнүн куралы, ал биздин ишмердүүлүгүбүздүн жакшырышына гана шарт түзөт. Ал эми, кыргыз милициясынын көчүн улай турган биздин эртеңки муунга келе турган болсок, алар биздин бирден-бир милдетибиз болгон мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоону жана жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндигин коргоону мезгилдин агымына, замандын талабына ылайык татыктуу улантуулары керек. Мамлекет үчүн күйгөн, мекенчил, чынчыл, ишине так, оперативдүү кызматкерлер кандай гана мыйзамдуу тапшырма коюлбасын, анын өтөөсүнө чыга алат. Биздин иште профессионалдуулук башкы сапат, бирок, адамдык сапат дагы өтө маанилүү. Андыктан, кесипкөй, кызматтык этикасы жогору, адамдык сапаты бийик келечектеги кесип ээлерин даярдап чыгуу — алдыга коюлган, учурда ишке ашып жаткан негизги милдетибиз.

-Милиция кызматкерлерине карата коомчулукта алкыш айтуу менен бирге эле сын көз караш, кайчы пикирлер да орун алып атканын тана албайбыз. Ушул өңүттөн алып караганда, милициянын жаңы муунун даярдоочу адис катары кандай ойду ортого сала аласыз?

-Милициянын эң негизги максаты– элдин ишенимине ээ болуу. Бул биздин коллективдүү жана жекече аракеттерибиздин натыйжасынан куралат. Ал үчүн өмүрүбүздү тобокелчиликке салабыз. Ар бир жарандын коопсуз жашоосу үчүн күн-түн дебей кызмат кылабыз. Дегеле, кылымга аяк койгон улуу жолдо тынчтыктын жарчысы болуп, ар бир жарандын укуктарын жана коопсуздугун сактоодо дайыма алдыңкы катарда туруп, өз милдеттерин аткарып келе жаткан милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес, башкача айтканда, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Ошондуктан, жарандарыбыз бизди бийликтин өкүлү, мамлекеттин жүзү катары кабылдашат. Милиция кызматкерлерине карата коомдо терс пикирлер жок эмес, кызматкердин айрым терс аракеттери коомдук пикир жаратып, сенсацияга айланып кетип жаткан учурлар көп. Бизди мыйзамдуулуктун сакчысы, маданий жүрүм-турумдун үлгүсү катары тааныган коомчулуктун талабына биз татыктуу болуубуз шарт. Бирок, мени өкүндүргөн бир нерсе – республика боюнча милиция кызматкерлери тарабынан күнү кур эмес жакшы иштер жасалууда, канчалаган адамдардын өмүрү куткарылган учурлар бар, мунун баары көшөгө артында эле калып жатат. Кемчиликти көргөн көздөр, жакшы нерсени да көрүшү керек да. Мен ушул көшөгө артында калып, бирок, миңдеген жарандардын,  канчалаган үй-бүлөнүн кубанычына себепкер болгон каармандык аракеттерди эске алып, бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери өз милдеттерин татыктуу аткарып жатат деп айта алам.

-Сиз үчүн милицияда кызмат кылуу деген эмне?

-Милицияда кызмат кылуу – мекенди сүйүү, мамлекетке кызмат кылуу! Чындыгында биздин кызмат ушул мамлекет деген улуу дөөлөт менен ажырагыс бүтүндүктө турат. Мекенчилдик сезими төмөн кызматкер артылган милдеттин өтөөсүнө чыга албайт. Мекен деген түшүнүктүн ичинде түпкүлүктүү элибиз, ата-бабадан мураска калган аймагыбыз, ар бир жаран жана үй-бүлөбүз камтылган. Андыктан, тапкан таалайым, баккан ырысым, дегеле өзүмдүн бар экендигим дал ушул кызматым менен байланышкан.

-Үй бүлөлүк “институтта” абал кандай? Ким табышкер да, ким башчы?

-Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын, бейпил жашоосун, жайлуулугун колдоо үй-бүлө институтунун негизги максаты эмеспи. Биз кыргыздар, кут катары кабыл алып, ыйык уяча деп билебиз. Кудайга шүгүр, эр кишинин эки милдетинин бири болгон үй-бүлө күтүү, тукум улоо, бала тарбиялоо бактысы буюруп, бир үйдүн туткасы, бир баланын, үч кыздын атасымын.

Биздин жумуштун спецификасына ылайык, көпчүлүк убактыбыз, дээрлик үчтөн эки бөлүгү үй-бүлөдөн тышкары өтөт. Эне – үйдүн куту деп бекер айтылган эмес. Өмүрлүк жарым — турмуштагы эң чоң жөлөгүм. Балдарымдын тарбиясына, окуусуна жооптуу адам ушул киши. Мен дагы убакыт таап, баары менен сүйлөшүп, сырдашып, жакшы билим алууларын, өздөрүн ар тараптуу өнүктүрүүлөрүн көзөмөлдөп турам.

Табышкердик, башчылыкка келе турган болсок, үй-бүлөмдө демократиялык принциптер орун алганы менен, улуттук мүнөзгө негизделген. Эзелтеден элибизде эркек киши үй-бүлөнүн жооптуу адамы катары сыртта мээнеттенип, бир бүлө эле эмес, бир урууну, бир айылды багып келген. Сиз айткан табышкердик да, башчылык да менин колумда. Бул ар бир эркектин, башкача айтканда атанын табигый укугу жана милдети деп ойлойм. Эгер аны аткаруу колдон келбесе, аял кишиге автоматтык түрдө өтөт. Мен аталык, кожоюндук милдетимди мүмкүн болушунча аткарууга колдон келген аракетимди кылып келе жатам.

Маектешкен Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ, сүрөттөрү Данислан АСАМИДИНОВдуку

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *