9-май- Улуу Жеңиш күнү. Ар жыл сайын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери бул күнгө утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылуу сөздөрүн айтып, жакшы каалоо-тилектерин билдирип, жардамдарын берип келет. Быйыл дагы Жеңиш майрамынын 78 жылдык мааракесине карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алтыбай Назаркуловго жана тылда эмгек кылган Нурзиган Шадаевага акчалай жардам көрсөтүштү. Аларга белек-бечектер менен барып, жылуу маанай тартуулоо менен бирге батасын алып кайтышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *