Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана келе жаткан 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата

“Кыз жигит. Сармерден ” оюн-зоок иш-чарасы ИИМдин Академиясынын курсанттары менен Акы төлөө негиздеги күндүзгү билим берүү факультетинин кыздар жамаатынын ортосунда болуп өттү.

Атайын бекитилген жобого ылайык, акындык айтыш, кыргыз элдик ырларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткаруу, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу, кыргыз бийлеринен бийлөө шарттары берилген. Эки команда тең бул шарттарды жогорку чеберчиликте аткарышып, калыстардын чечими менен жеңиш кыздар тобуна ыйгарылды.

“Кыз-жигит” сармерден айтышуусу– кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири. Маданий иш чарага күбө болгон калыстар иш – чараны максатына жеткире уюштурган Тарбия бөлүмүнө ыраазычылык билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *