Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Академиясы менен Кыргызпатенттин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында  2023-жылдын 3-майында Кыргызпатенттин кызматкерлери Академиянын профессордук-окутуучулук курамына “Товардык белгилерди укуктук коргоо жана Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти коргоонун жолдору” аттуу  конок лекциясын өткөрдү.

Конок лекциясынын максаты – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлеринин товардык белгилерди укуктук коргоо, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун жолдору боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатенттин адистери Ш.Айылчиев жана Т.Айбекова товардык белгилерди укуктук коргоо, Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик жаатындагы өз алдынча мамлекеттик орган катары калыптанышы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдары тарабынан интеллектуалдык объектилерди коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолушту.

Лекциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы Кыргызпатентке үзгүлтүксүз кызматташуу үчүн терең ыраазычылык билдирип, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө макулдашышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *