2023-жылдын 11-майында КРнын ИИМдин Академиясынын Жазык укугу кафедрасы, “Жазык укугу” сабагы боюнча интелектуалдык-таанып билүүчүлүк “Брейн-ринг” оюнун уюштурушту.

Ага окуу жайдын 3-курсунун курсанттары жана студенттеринен турган 10 топ катышты.

Таймаш учурунда катышуучулар интелектуалдык дараметин ачууга жана чектелүү убакыттын ичинде биримдик менен  жөнгө салуу жөндөмдөрүн өздөштүрүүнү үйрөнө алышты.

Турнирдин жыйынтыгында 31-тайпанын студенттери 1-орунду, 32-тайпанын студенттери 2-орунду ээлеп, кубок жана белектер менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *