2023-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскерүү митинг-реквиеми өткөрүлдү. Иш-чара жаңыланган “Даңк” мемориалын ачуу менен башталды.

Аталган иш-чарага курман болгондордун ата-эне, бир туугандары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

Өз сөзүндө окуу жайдын башчысы, милициянын генерал-майору Т.Абитов: “Мекен үчүн жанын аябаган эр азаматтарыбызды эч качан унутпайбыз, жаркын элестери дайыма биздин жүрөгүбүздө. Аларды төрөп, өстүргөн жана тарбиясын берген ата-энелерине терең ыраазычылык билдирем. Баатырларыбыз өсүп келе жаткан мууңга үлгү болуп калышты, ысымдары ар дайым  даңазаланып турат”-  деди башчы.

Андан соң курман болгондорго багышталып куран окутулду.  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *