2023-жылдын 17-апрелинен 17-майына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын базасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана ички иштер органдарында иш кагаздарын кыргыз тилинде сапаттуу жүргүзүү максатында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлерине “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу окуу курсу уюштурулуп, өткөрүлдү.

Аталган курсту ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Т. Абитов тастыктамаларды тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *