2013-жылдын 17-майында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына Россия Федерациясынын ИИМдин транстпорттогу башкы башкармалыгынын биринчи орун басары, полициянын генерал-майору Д.А.Демин, РФнын ИИМдин ТББнын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын башчысы, полициянын полковниги М.Н.Швец жана РФнын ИИМдин ТББнын коомдук-коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги С.В.Нетесановдор келишти.

      Конокторго, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Т.Т.Абитов окуу жайдын түптөлүшүн, ишмердүүлүгүн жана жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берди.

      Өз сөзүндө генерал-майор Д.А.Демин “Жолугушуунун мааниси жогору экенин жана чакырып, жылуу тосуп алганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем” – деп мындан аркы кызматташууга ишеним артаарын билдирди.

Иш-чаранын соңунда коноктор ИИМдин Академиясынын музейинде болуп, ардак китебине каалоо-тилектерин жазышты.

Жолугушуу эки тараптын бири-бирине баалуу белектерди берүү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *