2023-жылдын 19-майында Спорт ордосунда “Досум бол” аттуу руханий кече өткөн. Буга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери катышып келишти.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык-тарбиялык иштер боюнча бөлүмчөсү, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында уюштурган.

Руханий кечеде  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, катышуучуларга акыл-насаатын айтып, өсүп келе жаткан жаш муундарга дем берүүчү кеңештерин айтып өттү.

Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Жеңишбек Жумакадыр жана коомдук ишмер, жазуучу  Мамбетасан Ибраев  дагы катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *