2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы менен ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин  кызматташтыгынын алкагында окуу жайга интерактивдүү досканы жана кошумча жабдык катары вебкамера, үн күчөткүч аппаратын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов  ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин өкүлү Константин Бедаревге ыраазычылыгын билдирип, берилген интерактивдүү доска  окуу жайдын техникалык инфраструктурасын жогорулата турганын жана болочоктогу милиция кызматкерлерин окутууда, даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда колдонула турганын билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *