22-декабрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы Факультеттер аралык кафедрасынын студенттерине онлайн байланыш аркылуу “Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилген өзгөрүүлөр жана толуктоолор” темасында бинарлык лекция уюштурулду.
Лекцияны ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасынын доценти, ю.и.к. милициянын подполковниги С. Афтандилова жана Факультеттер аралык кафедрасынын профессору саясий илимдердин кандидаты, милициянын майору Н. Абдылдаева өткөрдү.
Эки окутуучунун ортосундагы диалог түрүндө курулган лекция, студенттерди ой жүгүртүү процессине жигердүү тартуу, алардын аталган тема боюнча өз көз карашын билдирүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу, берилген көз караштардын бирине кошулуу, лекторлор эки түрдүү баяндама жасагандан кийин өз тандоосун жасоо, бир маселе боюнча көз караштарын билдирүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында уюштурулган.
ИИМдин Академиясынын окуу процессинде мындай интерактивдүү педагогикалык технологиялар байма-бай колдонулуп турмакчы.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *