Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарындагы Факультеттер аралык кафедрасынын студенттери “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине барып келишти.

Кыргызстандагы эң ири музейлердин бири болгон “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музейинин кызматкерлери студенттерге музей фондунун экспонаттары, археологиялык жана этнографиялык мурастары, документтер жана сүрөттөр, кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикалар тууралуу айтып беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *