2023-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2023-жылдын 27-февралындагы №149-р тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхы, анын жогорку ролу тууралуу Бишкек шаарынын №1, №7, № 83, №20, №89, №31, №2, №1- Аламудун орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн, ошондой эле, И. Арабаев атындагы педагогикалык колледждин 1-2-курсунун студенттери үчүн лекцияларды уюштуруп, өткөрүштү

Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алуу тарыхы, мамлекетибиздин Конституциялык түзүлүшү, башкаруу формасы тууралуу маалымат берилип, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын маанисин жакшы билиши керектиги, Конституцияны урматтоо, сактоо жана анын маанисин түшүнүү менен гана өлкөнүн өнүгүшүнө, коомдук ынтымакка, тынчтыкка жана бейпилдикке жете ала тургандыгы тууралуу айтылды. Жолугушуу эркин форматта өтүп, окуучулар тарабынан КР Конституциясы боюнча түрдүү суроолор берилди. Жолугушуунун соңунда аталган окуу мекемелеринин администрациясы ИИМдин Академиясына өткөргөн иш-чара үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *