2023-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасы тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында «Конституциянын коомдун жана мамлекеттин жашоосундагы ролу» деген темада докладдардын сынагы өткөрүлдү.

Сынак Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналып, мамлекеттин негизги мыйзамынын ролун жана маанисин ачып берген мыкты докладдарды аныктоо максатында уюштурулган.

Илимий докладдар менен Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын,  Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары жана студенттери катышты.

Сынактын бардык катышуучулары мамлекеттин негизги мыйзамынын коомдун жана мамлекеттин турмушундагы эбегейсиз ролун жана маанисин белгилешип, Конституция коомдо тартипти жана туруктуулукту орнотуу үчүн укуктук талааны түзөөрүн айтышып, жана  ошондой эле адамдын жана жарандардын эркиндиктери менен укуктарын коргой тургандыгын белгилешти.

Сынактын жыйынтыгында эң мыкты баяндамалары үчүн  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билм берүү факультетинин 2-курсунун 24-взводунун курсанты Эркинов Бектур 1- даражадагы диплом, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти Асилбекова Аймира II даражадагы диплом,  Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенти Олейниченко Артем III даражадагы диплом менен сыйланышты. Иш-чарага катышкан студенттерге жана курсанттарга сертификаттар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *