Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында жарыялаган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө ылайык 29-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында көрктөндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

«Жашыл мурас» көрктөндүрүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин бринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары Эркебек Аширходжаев, Нурбек Абдиев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын жетекчилери, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын начальниктери, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин орун басарлары жана генерал наамына ээ болгон бир катар жетекчилер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясындагы “Генералдар аллеясына” Тянь-Шань карагайын отургузушту.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыздын адеп-ахлактык баалуулуктарынын түпкүлүгүндө жаратылышты сыйлап, бүгүнкү күндө ар бирбиз өлкөнүн уникалдуу жаратылышын сактоого милдетүү экендигибизди белгилешти.

ИИМдин башкы башкармалыктарынын, ОИИБнын жетекчилери окуу жайдын аймагына 100гө жакын арчанын көчөттөрүн отургузушуп, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андан соң, келген коноктор ИИМдин Академиясынын материалдык-техникалык жабдылышы, санариптештирүү жаатындагы жүрүп жаткан ишмердиктери жана музейи менен таанышып чыгышты.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *