2023-жылдын 24-апрелинен тартып 27-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында кесиптик багыт берүү иш-чараларынын алкагында “Ачык эшиктер күнү” уюштурулуп, өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын, Чуй облусунун орто мектептеринен жана кесиптик лицейлеринен келген бүтүрүүчүлөргө кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Академиясынын күндүзгү окуу формасы боюнча бюджеттик жана акы төлөө негизинде билим алууга тапшыруу шарттары тууралуу айтып беришип, суроолоруна жооп беришти. Андан соң, келген окуучулар ИИМдин Академиясынын имараты менен таанышып, музейинде болушуп, окуу жайдын тарыхы, милициянын тунгуч генералы Эргеш Алиев, окутуучулар курамы жөнүндө жана курсанттардын күн тартиби тууралуу маалыматтарды алышты.
Криминалистика полигонунда жайгашкан “Ок атуучу куралдар” музейинде болушуп, курал-жарактын түрлөрү менен таанышышты. Андан соң, окуу жайдын ок атуучу жайына барышып, электрондук тирден да атып көрүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *