Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана өлкөбүздүн мыйзамдарын урматтоого тарбиялоо, кусанттардын ана студенттердин укуктук маданиятын, укуктук аң-сезимин жогорулатуу максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында конок лекция уюштурулду.  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, юридика илимдеринин доктору, отставкадагы милициянын полковниги Кыдырбаев Кырккелди Джумалиевич катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринин жана принциптеринин мазмуну, ошондой эле конституциялык соттун ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат берди. Ошондой эле, биринчи баш мыйзамдын кабыл алынган күнү Кыргызстандын тарыхында маанилүү күн болуп кала берерин, анткени ал көз карандысыздыктын негизин түзөрүн айтып,   Конституция биздин көп улуттуу, суверендүү республикабызда  адамдардын жана жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин пайдубалы болуп санала тургандыгын баса белгиледи.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *