2023-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги менен Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Тариель Абитов келген конокторго ыраазычылык билдирип, Академиянын тарыхы менен кыскача тааныштырып, окуу жайдын укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдоо, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле илимий кадрларды даярдоо жаатындагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулап, өзгөчө кадрларды даярдоо жаатында натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
Жалпысынан тараптар белгилегендей, жолугушуу конструктивдүү жана жылуу маанайда өтүп, биргелешкен иштердин артыкчылыктуу багыттары белгиленип, мындан аркы кызматташуу боюнча сунуштар айтылды.
Иш сапардын алкагында Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин Федералдык кызматынын делегациясы окуу жайдын материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, Академиянын музейине барышып, делегациянын өкүлдөрү Ардак китебине кол тамгасын калтырышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *