14 апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгына ылайык, калктын аярлуу катмарына социалдык жактан жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын биринчи курсунун курсанттары Бишкек шаарында жайгашкан жалпы типтеги улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык-стационардык мекемесине барып ишембилик өткөрүп келишти. Аталган мекеменин тегерегин таштандылардан арылтып, жапайы чөптөрүн чаап, керексиз бутактарды кыйып, арыктарын тазалашып, беришти. Мекеменин администрациясы КР ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана курсанттарга ыраазычылыгын билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *