14-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Нарын, Кара-Кол шаарларынын жана Сокулук районунун бүтүрүүчүлөрү келип катышты. Мектеп окуучулары Академиянын Э. Алиев атындагы музейи менен таанышып, окуу жайдын тарыхы, каада-салты, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле курсанттардын күнүмдүк турмушунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алышты. ИИМдин Академиясынын саптык аянтында окуучуларга саптык даярдык боюнча кыскача сабак өткөрүлүп, ТИРде аларга ок атуучу куралдардын түрлөрү көрсөтүлүп, окуучуларга электрондук тирде Макаров тапанчасынан ок атуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле алар криминалистикалык полигонго, спорт залдарга барышып, тоскоолдуктар тилкесинде өздөрүн сынап көрүштү.Иш-чаранын аягында окуучулар ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов менен жана кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигинин алдында сүрөткө да түшүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *