2022-жылдын 11-13- апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында өткөн “Универсиада-2022” алкагында жеңил атлетика (1-лига) боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командасы катышып, жалпы командалык 2-орунга ээ болушуп медаль, грамота жана 15 000 сомдук сертификат менен сыйланышты. Жеке эсепте: эркектер арасында 100 м. аралыкта жана эстафетада чуркоодо 3-курстун курсанты Асылбеков Айдар 1-орунга; эстафетада чуркоодо 1-курстун студенти Азымканов Эркинбек 1-орунга жана 400м. аралыкта чуркоодо 2-орунга; эстафетада чуркоодо 1-курстун студенти Керимбеков Жеңишбек 1-орунга; эстафетада чуркоодо 2-курстун студенти Камилов Элмирбек 1-орунга; 400м. аралыкта чуркоодо 1-курстун курсанты Үсөн уулу Адилет 3-орунга; 800м. аралыкта чуркоодо 3-курстун студенти Керимбаев Улукбек 3-орунга ээ болгон.Кыздар арасында 400м. аралыкта чуркоодо 2-курстун студенти Артельева Малика 2-орунга; Эркектер арасында узундукта секирүү боюнча 1-курстун студенти Муратов Деңизбек 2-орунга ээ болушту.Машыктыруучулары милициянын подполковниги Кермакунов Бактыбек жана Сариев Бакытбек.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *